www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европага футбол академиясын ачуу пландалып, учурда аракет көрүлүүдө. Бул тууралуу “Каганат” футболдук клубунун негиздөөчүсү Нурбек Осмонов билдирди.

--“Биздин башкы максат - Кыргызстандагы футболго кызыккан, жөндөмү бар жаштарды Европага чейин алып барып, эл аралык аренага чыгаруу. Учурда биз ушул планыбыздын үстүндө иштеп жатабыз. Себеби, Кыргызстанда футбол тармагы жакшы өнүккөн эмес. Жакшысы көпчүлүгү азыр колдоого алып, ар тармактан жардам берүүдө. Менин дагы футболду өнүктүргүм келди. Ошондуктан “Каганат” футбол клубун түздүм. Келечекте Кыргызстандагы алдыңкы клуб болот деп ишенем. Клуб түзгөндө футболго шыгы бар жаш балдарга жакшы шарт түзүлөт. Эл аралык оюндарга катышып, мекендин намысын коргосок деген үмүтүм бар. Быйыл жакшы пландар коюлган, тилекке каршы пандемия болуп калды. Европага, Испания же Италиядан өнөктөштөрдү таап, ал жактан футбол академиясын ачып, алар менен биргеликте ойноп, үйрөнүп, тажрыйба топтоп, чоң оюндарга катышсак деген тилек болчу.

“Каганат” клубу Кыргызстандын дагы жаш спортчулары дүйнөдөгү белдүү клубдарга кошулуп ойноп калса деген ойдо негизделген. Ал жактан атын гана чыгарбастан, өлкөнүн намысын коргоп, көп киреше тапканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ал эми айрымдар бул клубдун түзүлгөнүн саясат кылып жиберди. Шайлоого карата ачылган клуб деп айткандар дагы болду. Бул туура эмес пикир. Себеби, мен жөнөкөй эле ишкерлик менен алектенген адаммын. Буга чейин эч кандай саясатка аралашкан эмесмин. Болгону патриоттук сезим менен, өлкөгө салым кошуу максатым болчу”, - дейт жеке ишкер Осмонов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости