www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы мамлекет ишкерлерге мамилесин, алар менен чогуу иштөө философиясын өзгөртүшү керек. Мындай пикирин эл аралык «Ала-Тоо» университетинин экономика жана башкаруу факультетинин деканы Кыялбек Акмолдоев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ишкерлерге карата авторитардык мамиле бар. Бирок салыктардын басымдуу бөлүгү ишкерлерден түшөт. Ишкерлерди колдоп, алардын көйгөйлөрүн чогуу чечүүгө аракет кылуу зарыл. Мамлекет бизнес коомчулугу менен өнөктөш катары иш алып барышы керек.

«Анткени суу алган булакты жаап салбай, инфраструктурасын өнүктүрүп, жардам берүү философиясы менен кетүү керек. Экспортко багыт алган ишкерлер: «Мамлекет бизге тоскоол болбосо эле — чоң жардам», — дейт. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекет ишкерлер менен биргеликте иштешет. Алсак, президент кайда барбасын, жанына ишкерлерди кошуп алат», — дейт Акмолдоев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости