www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарап сотторду текшерип жатат. Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом) , өтүгү миң доллар (83 000 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар(кийип 8 млн 300 миң сом). Ушулардын ана башы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. "Тартип комиссиясына кайрылдык. Эгер комиссия макулдугун берсе биз анын жогорку кызматына карабастан жоопко тартабыз. Ал мыйзам бузуп, мамлекетке чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Иш аягына чыгарылат",-дейт Ташиев. 61 жаштагы Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.
Жогорку Соттун маалымат кызматы мекеменин төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматка жооп берди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Гүлбара Калиевага «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү кылмыш ишине тийиштиги бар экенин кабарлаган. Бул иште мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирилген.
Жогорку Сот күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциби болушу керектигин эскертип, жарандын айыбы далилденип, сот өкүмү чыкканга чейин ал күнөөсүз деп саналарын айтууда. «Жергиликтүү сот» деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүү боюнча долбоор Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү» программасынын алкагында жасалган. Тендер өткөрүү, аткаруучу компанияны тандоо иши эл аралык уюм тарабынан жүргүзүлөт. Андыктан Жогорку соттун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин айтылган айыптоого тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg