www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ЛДПР париясынын депутаты Владимир Жириновский акыркы интервьюларынын биринде Кыргызстандагы абал тууралуу жана бийлик өкүлдөрү тууралуу пикирин айтты.

Анын айтымында, биз чоң согушка баратабыз. Бирок бул Орусия менен Американын же болбосо Кытай менен АКШнын ортосундагы согуш эмес. Ал кичинекей локалдык Украина, Балтика, Молдавия, Тоолуу Карабак, Грузияда жарандык согуш, төңкөрүлүш, революция согуш болот.

«1-январдагы Молдавиядагы шайлоодо революция болот ал эми Түштүк Кавказ болсо качан эле тынчып калган. Ошондуктан биринчи эле кезекте Орто Азияда жайгашкан Кыргыз Республикасында согуш болушу ыктымал.

Буга байланыштуу менин айтаарым:

Ойгонгула! Мына, Лукашенко эмне кылыш керек экенин азыр түшүндү. Кыргыздар жакында Акаевди издеп каласыңар. Бакиевди издеп каласыңар. Атамбаев болсо ансыз деле түрмөдө. Жээнбековду деле жакында темир тордун артына жиберишет. А азыркы президенттин милдетин аткаруучу- криминал! Түрмөдөн чыга калып эле, президент болуп алды.

Силер көз алдыңарда эмне болуп жатат түшүнүп атасыңарбы? Адамдар түрмөдөн чыга калып эле президент болуп жатышат! Бул деген жапайычылык да! Мындай нерсе тарыхта да болгон эмес. Адам деген университетти бүтүрүп, губернатор жана министр болуп алып, андан кийин гана балким арасынан эң татыктуусу жана чынчылы президент болушу ыктымал. Азыр болсо Кыргызстанды криминал башкарып жатат», - дейт Жириновский.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости