www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы жана "Элдик" топ миграция маселеси боюнча биргелешкен жыйынын өткөрүп жатат.

Бирок бир жума мурда чакыруу жиберилгенине карабай эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жыйынга келген эмес. Ордуна орун басары келип министр өзү мамлекеттик катчы менен жолугушууга кеткенин айтты.

Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тескеген орун басары Эдил Байсалов "бул жыйынга катышканым мыйзамсыз" деп эсептеп келүүдөн баш тартканын билдирди. Мындан улам депутат эмнеси мыйзамсыз экенин түшүндүрүп беришин талап кылды.

Ал эми Жанар Акаев мамкатчы идеологиялык иштер менен алектенерин, Базарбаев үчүн ушул жыйын маанилүү экендигин белгиледи. Себеби депутаттар көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштап, Россиянын Мамдумасындагы кесиптештерине кайрылууну карап жатышат.

Тазабек Икрамов аткаминерлердин бири дагы мигрант болгон эмес, ошондуктан бул маселеге кайдыгер карашууда деп сыпаттады.

Мындан башка бир катар депутаттар эки аткаминерге карата чара колдонууну талап кылышты. Натыйжада экөөнүн жоопкерчилигин кароо боюнча эки фракциянын чечимин чыгарып, министрлер кабинетинин төрагасына жибере турган болушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости