www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчыда акча уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Балыкчы шаардык милициясына арыз менен Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын О.Т. аттуу тургуну кайрылган. Арызында ал ошол күнү саат 10:30 чамасында Балыкчы шаарында жайгашкан «Алтын Сандык» тамактануучу жайынан кара түстөгү кол сумкасын, ичиндеги 300 АКШ доллары, 4 миң сом суммасындагы акчасын жана документтерин белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт Балыкчы ШИИБнин маалыматтык электрондук журналына катталып, КР КЖКнин 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр кармалып, алар Балыкчы шаарынын 45 жаштагы Ж.Р. жана 41 жаштагы Т. К. аттуу тургундары болуп чыкты.

Шектүүлөр алгачкы суракта күнөөлөрүн толук моюнуна алып жана далил зат катары жабырлануучуга тиешелүү акча жана документтер алынган.

Шектүүлөр Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости