www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын бийлик өкүлдөрү Орусия менен согушка даярданардан мурда тарыхка бир көз чаптырып коюшу керек. Бул тууралуу сенатор Алексей Пушков Telegram каналына жазганын РИА Новости билдирди.
"Польша Орусия менен согушка даярданып жатат дейби? Элитасы тарыхты жакшы билбейт окшойт", — деп жазган Пушков.
Буга чейин Польшанын коргоо министринин орун басары Марцин Оцепа жакынкы 3-10 жылдын ичинде Варшава менен Москванын ортосунда куралдуу кагылышуу болушу мүмкүн экенин айткан. Ошол себептен аталган мамлекеттин аскердик мекемеси өлкө тарыхындагы эң дымактуу кайра куралданууну баштаган.
Варшава армиясынын жалпы санын 400 миң адамга жеткирүү планы тууралуу айтып, акыркы мезгилде аскердик учактарды, танкаларды, артиллерия, чабуул коюучу дрондорду активдүү сатып ала баштады.
Орусиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Москва Варшавага кол салууну көздөбөгөнүн жана анын коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө негиз жок экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg