www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пашинян мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүгө даярдыгын билдирди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян оппозиция айрым шарттарга макул болсо, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин айтты.

1-мартта Еревандагы Республика аянтында миңдеген тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, Пашинян “эгер парламенттик оппозиция мөөнөтсүз шайлоого макул болсо, биз ага даярбыз”, - деп билдирди. Армян премьери күзүндө жаңы Конституция кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылды. Анда келечекте саясий кризистердин алдын-алуу үчүн президенттин укуктарын кеңейтүү каралышы мүмкүн.

1-мартта Пашиняндын тарапкерлери да, оппозициянын жактоочулары да Ереванда нааразылык акцияларын өткөрдү. Премьер-министрдин отставкасын талап кылган айрым адамдар өкмөттүн имаратына чейин кирип барышты.

Арменияда соңку бир аптадан бери саясий кризис күчөп жатат. Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды күнөөлөп келе жатат.

25-февралда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян өз тарапкерлерин аянтка чакырган. Ошол эле күнү оппозициянын тарапкерлери да митингге чыгып, чакан кагылыштар орун алган. Мындан соң Никол Пашинян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алууну президентке сунуштаган. Бирок президент Армен Саркисян Гаспарянды кызматтан алуу жарлыгына кол койбой койду. Бул президент менен премьер-министрдин ортосунда пикир келишпестикти жаратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости