www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Артём Новиков Алексей Оверчук менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Россия Федерациясына жасаган алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки жактуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу талкууланды.

Тараптар Россиянын «COVIDсиз саякат» программасына Кыргыз Республикасынын катышуусу маселесин кеңири талкуулашты. Бул программага катышуу үчүн кыргыз медициналык лабораторияларынын Россия керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул чечим кыргыз жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, атап айтканда, кыргызстандык студенттердин Россиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана «Россиялык мугалим чет өлкөдө» программасы боюнча Россия Федерациясынын мектеп мугалимдеринин санын көбөйтүү жөнүндө макулдашылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости