www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыландын башын чайнап салгандар болгон

Кыргызда деле аты элге таанылган жана таанылбаган көптөгөн баатырлар болгон. Алардын жасаган баатырлыктары ар башкача болуп элге айтылып калганы да бар. Кээ бир баатырлар найзага түшүп же эр эңишке чыгып жеңип алганын баатырлык деп эсептеген эмес.

Айтылуу Сарбагыш уруусунан чыккан Төрөгелди баатыр дагы “өзүнүн үч гана жолку эрдигин баатырлык кылдым” деп ойлогон экен. Ал эми душманга каршы чыгып, канча баатырды аттан түшүргөнүн өзү деле санын билбесе керек.

Бир күнү топтошкон карылардын бири Төрөгелди баатырдан сурап калган тура, ошончо көп элдин көзүнчө:

- Төрөгелди, ушунча баатырлык кылып жүрөсүң, сени элдин баары “баатыр” деп билет. Ушул жашка келгени канча жолу баатырлык кылдың? - деп сураганда, Төрөгелди баатыр кебелбей:

- Мени эл найзага түшкөнүмдү, жоого аттанганымды баатырлык деп айтышса, мен ал кылган иштеримди баатырлык деп деле ойобойм. Азыр  мен  өзүмдүн бир гана жолу кылган чыныгы баатырлыгым жөнүндө айтып берейин, калганын өзүңүздөр туура баамдап алсаңыздар:

- Тээ илгери он беш, он алты жаш курагымда талаада эгин сугарып жүрүп. Суунун кулагын жакшылап байлап коюп, чарчаган жаным суунун жээгинде жатып көкүрөгүмдү ачкан бойдон уктап кеткен экенмин. Бир кезде төшүм муздагынан ойгонуп кетсем, көзүң жамандыкты көрбөсүн, кадимки эле жылан төшүмдө өйдөнү карай сойлоп келе жаткан экен. Мен чочуп кетпей, өзүмдү кармап, жыланды чочутуп жибербестин айласы кылып кыймылдабай көзүмдүн кыйыгы менен карадым. Эгер ал чочуп кетсе, сөзсүз мени чагып алмак эле. Акырын жыланга билгизбей оозумду кенен ачтым. Жылан сойлоп келип оозума кирген кезде, башын чайнап жутуп алдым да, калган денесин ыргытып жибердим. Ошондо мен эки сааттан ашык убакыт сууда жатып жыландын башын сиңирип кеттим. Ушунчалык жаным кыйналып, денем алка-шалка тердеп, аба жетишпей калганда дагы суудан чыкпай жата бердим. Акыры өзүмө келдим да, жаткан ордумдан туруп суунун кулагын которуп, ишим менен алек болдум. Ушул жасаган ишимди бир баатырдык деп эсептейм.

Ал эми “Эр сайып өлтүрүү же аттан бирөөнү жыга чапкан бул катардагы эле көрүнүш” - деп айтканда угуп олтурган карыялардын бири башын чайкап:

- Төрөгелди, бул айткан кебиң эптүү болуп калды. Ар бир адам жөн жерден “баатыр” деген атка конбойт. Консо дагы сен сыяктуу эрдик кылып көзгө көрүнгөндө гана анык “баатыр” деп аталат. Ооба, мен дагы сен жөнүндө көп кеп уккам, бирок азыркы айткан сөзүң сенин чыныгы баатыр экениңден белги берип койду. Эр өлтүрүп коюп өзүн баатыр сезгендер да бар, бирок алардын баатыр деген аты көпкө жашабайт. Билсең, эми сенин бул айткан кебиң дагы узакка кеп болуп айтылат. Ыракмат сага, ким эле жыландын башын чайнап жутканга эрки жетсин – деп сөзүнө чекит койгондо:

Баары баштарын ийкеп, коштоп калышты. Ооба, айткандай баатырлык сабырдуулукта жана ооздо айтылып кала турган ишти жасаганына да баам салсак болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости