www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Алмазбек Акматов акыркы сапарга узатылды

Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун сөөгү 2-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, тууган-урук, кесиптештери барып, маркумдун адамдык сапаттарын, эмгекчилдигин эскеришти.

Белгилей кетсек, 57 жаштагы депутат оорудан улам 28-февралда каза болгон.

Акматов 1964-жылы Нарын облусунда туулган. 1986-жылы Новосибирскидеги жогорку аскердик окуу жайды аяктаган. 2002-жылы Бишкекте Башкаруу академиясын, 2008-жылы Дипломатиялык академияны бүтүргөн.

Акматов президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында эмгектенген. Эмгек жолун 1986-1991-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүндө ар кыл кызматтарда иштеп башатаган.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Былтыр парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан.

Ал эми маркумдун артында үй-бүлөсү, беш баласы калды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости