www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр Кыргызстанга инвестор келбейт. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Азыркы Баш мыйзамга керектүү беренелер кирбей калыптыр. Бийликке дагы коррупция жана саясий куугунтук керек. Ошондуктан баарын өздөрүнө ылайыкташтырып жазып алышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга инвестор келбейт. Себеби, соттор же тиешелүү органдар алардын бизнестерин тартып алып жатышат. Мыйзам иштебей жатат. Чет элдик инвесторлор булар тууралуу билгендиктен Кыргызстанга келип ишкерлик жүргүзбөйт. Анан экономика көтөрүлбөйт. Тактап айтканда, өлкөнү артка тартып жатышат. Ошондой эле, конституцияда кереги жок беренелерди киргизип коюшкан. Анда 90 депутат шайланат деп жазылган. Бирок алардын кандай жол менен шайланаары бүдөмүк. Толук жазылбай чийки боюнча калган. Демилгечилерда, сунуш бергендерда жана жазгандар дагы уят деген жок экен. Мындайча айтканда бийликтегилер өз кызыкчылыктарын эле берип койгондой. Конституциялык кенешме деп түзүштү. Алардын курамына каалаган адамды киргизиптир. Кыргыз эли тар чөйрөдө түзүлгөн, даярдалган Баш мыйзамды кабыл алууга жол бербеши керек. Бул Баш мыйзам - элдин мүдөөсү, талабы жана көптөн күткөн жаңыланууга жол болушу абзел. Ошондуктан эл талап кылып, эл өздөрү кабыл алса, кыргыз элинин келечеги жакшы болот”, - дейт Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg