www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка чыкты. Ал Коммунисттик партиянын башкы катчысы кезинде эле ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон.

Өз кезегинде Горбачев 90 жылдык мааракесинин алдында кайра курууну өз жашоосунун маңызы деп атады.

«Эң негизгиси - биз өлкө ичинде адамдар эркиндикке жетип, тоталитардык системаны аягына чыгардык», - деп белгиледи саясатчы.

Белгилей кетсек, Михаил Горбачёв өлкөнү жетектеп турганда «кансыз согуш» токтоп, Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылган. Советтер союзунда биринчи жолу эркин шайлоо өтүп, Коммунисттик партия жетектөөчү жана багыттоочу ролунан, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү социалисттик системадан баш тарткан.

Ошондой эле, 1990-жылы Михаил Горбачев Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси болгон.

Учурда Орусияда СССРдин кыйрашы үчүн Горбачёвду күнөөлөгөндөр да бар. Мурдагы советтик лидер бир катар каталарды моюнуна алып, СССРде реформаларды бир канча убакыт мурда башташ керек болчу деген пикирде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости