www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү анын сөзүнө комментарий бербестен, аны маалымат иретинде кабыл алышы керектигин билдирди.

"Орусияда президент менен өкмөттүн төрагасы гана менин маектешим болуп эсептелет. Орусиядай достук мамиледеги өлкөнүн ТИМ өкүлү да менин айткандарым боюнча комментарий бере албайт", – деди Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Буга чейин Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Армениянын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгышы мүмкүндүгү тууралуу Пашиняндын айткандары боюнча пикирин билдирген.

"Эгер бул Армениянын ЖККУдан чыгуу боюнча позициясын ишке ашыруу үчүн айтылган сөз болсо, анда сөздөр менен манипуляция кылуунун канчалык деңгээлде кооптуу экенин түшүнүшүбүз керек деп ойлойм", – деген Захарова.

Мурдараак Пашинян Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалда ЖККУ так позицияны карманбаганын айтып, бул аскердик уюмду бир канча жолу сынга алган. Ошол эле маалда ал Ереван ЖККУдан чыгууга ниеттенип жатканын эч качан түз айткан эмес.

Пашинян шаршемби күнү кечинде Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москвага барды. Анда армян премьеринин Орусиянын жана Азербайжандын президенттери менен үч тараптуу жолугушуусу пландалган.

Последние новости