www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы паспорт тендери боюнча чыр бир топ адамдын башын «жутмай» болду. Буга чейин «Коррупция» беренеси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын  төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынып, Мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова иштен алынган.

ММКга жарыяланган маалыматка ылайык, өткөн айда кызматтан кеткен Шаикованын айтымында, 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырган.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал чет өлкөлүк ишкерлер менен тааныштырып, Кыргызстандагы документ даярдоо мүмкүнчүлүгү талкууланган. «Жолугушуунун жүрүшүндө ачык сураныч болгон эмес. Бирок жолугушууну Кадыркулов уюштуруп, европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганы факт. Ал компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда өз бизнесин өнүктүрүү боюнча маселени талкуулоого даяр болгон. Бирок бул жолугушуунун кийинки тергөө иш-аракеттери менен байланышы бар-жогун тастыктай албайм. Муну атайын коомдук же депутаттык комиссия териштирсин», - деп билдирди Шаикова.

Ал эми, УКМКнын басма сөз кызматы аталган жолугушуу болгонун ырастоо менен анда мамлекеттин кызыкчылыгы камтылгандыгын айтып, А.Шаикованы жоопкерчиликтен качып жатат деп сындады.

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости