www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЧР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Журналист Мээрим Сырдыбаева «MediaHub Али Токтакунова» тобу менен биргеликте журналисттик иликтөө жүргүзүп, жасалма ПЧР анализдерин сатуу фактыларын ачыктады. Жасалма ПЧР тесттеринде «Aqua Lab» жана «Бонецкий» лабораторияларынын мөөрлөрү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости