www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болгондон кийин шаарда орнотулган Владимир Лениндин эстелигин бузууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу экс-депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жеке пикирин жарыялады.

Мэрликке талапкерлигин койгон саясатчы: "Калк ушундай чечим кабыл алса, эстелик бузулат", - деген. Андан тышкары "Ошто башка көйгөй жокпу?", - деп суроо калтырып кеткен.

В.Лениндин эстелигин бузам деген кандай маңкуртсуң! Балыкчыдагы эстеликти алып салып, шаардыктардын жашоосу жакшырып кеттиби? Эми Оштогуну дагы...

Исхак Масалиев: "Алмаз, иним, тынчтанууңду өтүнөм. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө шарт түзгөн эң маанилүү адамдардын бири Владимир Ленин болгон. Муну эч ким талаша албайт. Андан көрө экономиканы жакшырткыла, завод-фабрикаларды жандандыргыла, мектептер менен ооруканаларды кургула",- деп кайрылды.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэрин шайлоо эртең, 26-августта өтөт. Бул кызматка Алмаз Мамбетов жалгыз талапкер. Ал 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости