www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Афганистанда абал курчуса, Борбор Азияда абал курчуйт", - деди бүгүн, 25-августта NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.

- Токон Болотбекович, Американын таасиринен улам Афганистанда кырдаал курчуду деген пикирлер айтыла баштады. Алардын пикирине ынансак болобу?

- Афганистандын ушундай абалга келгенине, албетте, 20 жылдан бери таасирин тийгизип жаткан Америка жана батыш мамлекеттеринин салымы чоң. Башкача айтканда, триллиондогон долларды сарптап, эми ошонун баарын мамлекеттин өнүгүүсүнө, элдин жашоо - турмушунун оңдолуусуна жумшалбай, тескерисинче коррупционерлердин чөнтөктөрүнө кетип, афган элинин ит минип калганына Батыш мамлекеттердин да күнөөсү бар. Анткени, Америка жана аны колдогон мамлекеттер Афганистанга киргенде талибдерди жоготобуз, радикалдуу террорист, экстремисттерди жок кылабыз,

мыйзамдуулукту орнотуп, элдин турмушун оңдойбуз, демократия орнотобуз, Афганистан мамлекетинин элинин келечегин кең кылабыз дешкен. Жыйынтыгында, баары тескери болуп, элдин турмушу начарлап, Афганистандын чиновниктери гана байып, коррупционер болушту.

- Афганистандагы кырдаалды  АКШ атайылап курчутуп, Борбор Азияга жана Россияга каршы колдонуп жатат деген да божомолдор бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Американын Афганистанда болгон 20 жылдыгынын жыйынтыгына баары күбө болду. Ошондуктан, Америка абалды курчутуп, ал кырдаалды Россия же Орто Азияга каршы колдонгонго шайы деле келбей калды. Себеби, өздөрү Афганистандан шашып чыгып кеткени эл аралык деңгээлде терс көрүнүш катары кабылданып, жакшы эмес пикирлерди жаратты. Азыр алар кырдаалды курчутмак турсун төгүлгөн аброюн калыбына келтирүүгө болгон аракетин жумшайт. Афганистанга жеке эле Америка эмес, Батыш Европа мамлекеттери, Түркия, Кытай, Россия, Индия, Пакистандын да кызыкчылыгы бар. Алар менен катар Орто Азиядагы мамлекеттер да биригип, Афганистанга көңүл буруп турушубуз керек. Колдон келсе Афган мамлекети менен элине жардам берип турушубуз зарыл.

Анткени, кайсы гана мамлекетте болбосун эл деген эл. Азыркы учурда Афганистанда бийлик менен элдин ортосунда ажырым өтө чоң болуп турганда элди колдогонубуз туура. Ошондой эле гуманитардык жардам беребиз деп Тышкы иштер министрлиги жарыялаганы да туура болду. 500 студентти окутуп беребиз дегени да колдоого алчу иш. Анткени, Афганистан Борбор Азиянын очогу экенин унутпашыбыз керек. Афганистанда абал курчуса, Борбор Азияда абал курчуйт. Ошон үчүн Афганистанда стабилдүүлүк болсун десек, стабилдүүлүк орношуна салым кошушубуз керек. Ошон үчүн көз кырыбызды салып, ал жактагы процесстерди көзөмөлгө алып турушубуз зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости