www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда эң чоң мунай кени табылды

Кытайдын PetroChina энергетикалык компаниясы (China National Petroleum Corporationдун туунду компаниясы) Кытайдын түндүк -чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясындагы Дачиндеги сланец мунайынын олуттуу запасын тапканын жарыялады.

"Дачин-Гүлонг кениндеги сланец мунайынын болжолдонгон геологиялык запасы 1,268 миллиард тоннадан ашат", -  деп билдирген компаниядан.

Бул кенде орнотулган негизги чалгындоо скважиналары күнүнө 30 куб метр мунайдын деңгээлинде туруктуу сыноолорду, анын ичинде Гуйе скважинасында 500 күндөн ашык мунай өндүрүүнү көрсөткөнү жана чийки мунай өндүрүүнүн жалпы көлөмү 6 миң тоннадан ашык.

"Сонглиао бассейнинде" континенталдык "сланец мунай өндүрүүдө маанилүү стратегиялык бурулушка жетишилди", - деп билдиришти компаниядан.

Дачин мунай жана газ кени 1959-жылы ачылган, бүгүнкү күндө бул 5,7 миллиард тоннадан ашык нефти жана 1 триллион кубометр жаратылыш газынын геологиялык запасы бар КЭРдеги эң ири кен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости