www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-апрелинде Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жана анын орун басарларынын катышуусунда “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасынын базасында педагогикалык кызматкерлерди министрликтин ведомстволук сыйлыктарына тандоо процессинин санариптик механизми ишке киргизилгендиги боюнча жыйын өттү.

Жыйында “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасынын базасында ведомстволук сыйлыктарга тандоо процессинин санариптик механизми презентацияланды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева бул демилге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган коррупцияны жана бюрократияны санариптештирүү аркылуу жоюу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жатканын билдирди.

“Биз тармактык сыйлыктарды ыйгарууда жана тандоодо үч өзөктүү принципти кармандык — адилеттүүлүк, жеткиликтүүлүк жана баарына бирдейлик. Санариптештирүү багытында бир катар маанилүү иштерди жүргүздүк. Бүгүнкү күндө анын жыйынтыгын мугалимдер да, ата-энелер да пайдаланып жатышат. Кезектеги кадамыбыз — тармактык сыйлыктарды ыйгаруу системасын санариптештирүү болду”, — деди министр.

Буга чейин сыйлыктарды кароо жана тандоо процесси жалпы билим берүү уюмдарынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана министрликтин атайын түзүлгөн комиссиясынын катышуусунда жүргүзүлүп келген. Эми бул иштер толугу менен автоматташтырылган тартипте “АИС Мугалим” маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат.

Жаңы механизмге ылайык, ар бир талапкер бекитилген критерийлерге жараша өзүнүн кесиптик жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды жана ырастоочу документтерди жеке кабинети аркылуу жүктөйт. Жүктөлгөн маалыматтар система тарабынан автоматтык түрдө катталып, текшерилип, белгиленген көрсөткүчтөр боюнча баллдар эсептелет. Жыйынтык жалпы базага топтолгон маалыматтардын негизинде чыгарылат.

Критерийлерге квалификацияны жогорулатуу көрсөткүчтөрү, методикалык жана автордук иштелмелер, кесиптик жетишкендиктер, педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары, ошондой эле конкурстарга жана башка маанилүү иш-чараларга катышуу кирет.

Жаңы система талапкерлердин тизмесин автоматтык түрдө түзүп, чечим кабыл алууда адам факторун толугу менен жокко чыгарат. Чечим алдын ала бекитилген так жана бирдиктүү критерийлердин негизинде автоматтык түрдө аныкталат.

Бул ыкма ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле убакытты үнөмдөөгө, документ жүгүртүүдөгү жүктөмдү азайтууга жана сыйлык ыйгаруу процессин заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, жаңы механизм боюнча сыйлыктарды ыйгаруу быйыл акыркы коңгуроо салтанатынын алкагында алгачкы ирет колдонулат. Анда өзгөчө жетишкендиктерге ээ болгон мугалимдер санариптик система аркылуу, ортомчусуз, тармактык сыйлыктарга ээ болушат.

Последние новости