www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай өкмөтү БУУ Коопсуздук кеңешинин жыйынында Ооганстанды башкарган талибдерден өлкөнүн жарандары өлтүрүлгөн эки чабуулду толук жана ачык иликтөөнү талап кылды. Кытайдын өкүлү Фу Гун бул окуяларды олуттуу коркунуч деп атап, Ооганстандагы террордук топтордун активдүүлүгү дагы эле жогору экенин баса белгиледи.

Акыркы бир айда Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына жакын аймактарда кытай жарандарына каршы эки куралдуу чабуул жасалып, жалпы беш адам каза болду. Мунун айынан Кытайдын Тажикстандагы элчилиги компанияларга кооптуу райондордон кызматкерлерин чыгарып кетүүнү сунуштады.

Тажикстан бийлиги чабуулдар үчүн Ооганстандагы куралчан топторду айыптап, чек арадагы коопсуздукту күчөттү. Кабул жана Дүйшөмбү тең коопсуздукту камсыздоого жана биргелешкен иликтөөгө даяр экенин билдиришти. Талибдер эки шектүү кармалганын маалымдаганына карабастан, чабуул үчүн жоопкерчиликти эч бир уюм ала элек, расмий иликтөөнүн жыйынтыгы да али жарыялана элек.

Последние новости