www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пенсияга чыгуунун жаш курагы көтөрүлөбү?

Жалпы пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү пландаштырылган жок. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Белгилей кетсек, аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат.

Жуматаеванын айтуусуна караганда, жеңилдетилген пенсионерлердин пенсияга чыгуу жашын жогорулатуу пландаштырылууда. «Мисалы, тоолуу райондордо жашап, үчтөн көп бала төрөгөн аялдар 45 жаштан пенсияга чыга алышат. Биз ушул жаш куракты көтөрүүнү пландап жатабыз, этап-этабы менен 48 жашка чейин», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости