www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Иранга каршы согушка кеткен көп миллиарддык чыгымдарды ачыктады.
АКШ Иранга каршы жүргүзүлгөн аскердик операцияларга 25 миллиард доллар сарптаганын Пентагондун каржы бөлүмүнүн милдетин аткаруучу жетекчиси Жулс Херст өкүлдөр палатасынын тиешелүү комитетиндеги угууда билдирди.
«Азыркы эсеп боюнча биз болжол менен 25 миллиард доллар короттук», — деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, каражаттын чоң бөлүгү ок-дарыга жумшалган.
Ошол эле учурда, Iran War Cost Tracker порталы АКШнын Иранга каршы аскердик операциясынын жалпы чыгымы 65 миллиард доллардан ашып кеткенин маалымдады.
Бул ресурс маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде жаңыртып, персоналды, Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн кемелерди камсыздоо жана башка чыгымдарды жабуу үчүн керектүү каражаттарды эсептейт.
Эсептөөлөр Пентагондун Конгресске берген баяндамасына негизделген. Анда алгачкы алты күндө 11,3 миллиард доллар чыгым кеткен, андан кийинки күндөрү аскердик аракеттер күнүнө 1 миллиард доллардан чыгым талап кылаары айтылган.
АКШ жана Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Иран жооп иретинде Израилдин жана АКШнын аймактагы базаларын бутага алган. 40 күнгө созулган куралдуу кагылышуулардан кийин 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок атышпоону жарыялаган. Андан кийинки Исламабаддагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. АКШ Иран портторун блокадага алган. Иран расмийлери азыркы кырдаалды эске алганда алар Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу ниети жок экенин билдиришкен. Кийинчерээк Трамп Иран менен атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узарткан.