www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири, жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасына байланыштуу апелляциялык арыз боюнча отурум Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда өтөт.
Бул тууралуу адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди.
Ал Суранованын абалы оор экенин, өзү менен дагы жолугушууга чыга албай жатканын айтты.
"Тергөөчүнүн бөлмөсүнө да чыга албайт", - деди жактоочу.
Буга чейин эксперт Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасына көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармаган Перизат Суранованын абалы оор экенин, ооруканага жаткырууну суранып жатканын жазган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 15и ачкачылык кармап жатат, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптадан ашты.
Булак: NazarNews.kg