www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев өзүнүн функционалдык милдетин аткара албай, эт эмес же чел эмес мажүрөө экенин далилдеди.

Мына Баткендеги тажиктердин кол салуусунан кыйраган үйлөр кышка чейин бүтөт дешти эле. Дагы деле дайын жок. Үй-жайсыз миңдеген элибиз ар кайсы жерде сагаалап жүрүшөт. Нуртазин Жетыбаевдин алардын тагдырына баш оорутканы байкалбайт. Башы оорубагандын Кудай менен иши жок деген ырас тура.

Элибизде, ийри таяктын көлөкөсү түз болбойт деп жөн жеринен айтылбаганын Жетибаевдин жоругу айгинелеп жатат. Дегенибиз, бул Нуртазин мырза кезинде ТЭЦге ташылган уулуу көмүр чырына байланыштуу, алдамчылыкка айыпталып 3 жылга соттолгон. Анда Башкы прокуратурада иштечү. Ал учурда Башкы прокурор Аида Салянова эле. Натыйжада Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров экөө чөнтөк кампайткылары келишкени жоруктары үчүн жазаларын тартышкан. 

Анан ушул баскан изи мандемдүү, ишмердүүлүгү күмөн жараткан, репутациясы бузулган адам эч нерсе болбогондой жогорку кызматты аркалап отурганына түшүнүп болбойт. Соттологон адам карьера жасап, майлуу кызматты мыкчып отурганын көргөндөр анан кантип коррупциялык күрөшкө ишенет? Ичип-жесең кызматтан көтөрүлүп жатсаң?

Нуртазин Жетыбаев президенттин көзүн боёп, баарын кыйратып жатам деп көнгөн адатынча алдап жатса керек. Болбосо, Баткендеги элдер кычыраган кышта суукка тоңуп, көрүнгөн жерде тентип жүрбөйт эле. Үч айда бүтчү үйлөрдөн бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок. Ал эми Нуртазиндин келиши менен архитектура тармагы кыйрады деп, аталган мекеменин кызматкерлери буркурашса армандарын укчу киши жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости