www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаевнын абалы оорлоп, өз алдынча баса албай калганын анын жактоочусу Бакыт Автандил Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматта Журабаеваны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери экспертиза дайындоо токтому менен тааныштыруу үчүн алып кетүүгө келгени жазылган.

"Бирок, Журабаеванын дене табы 39га жетип, алсыз болгондуктан өз алдынча чыга алган жок. Тергөө абагынын медициналык бөлүмү Журабаеванын абалы оорлоп кеткенге чейин анын ден соолугуна көңүл бурган эмес. Тергөө аракеттери башка күнгө жылдырылды", - деп жазган жактоочу.

Милициядан жана Жаза аткаруу кызматынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Байыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренесине алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости