www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү февралдын аягына чейин өтүшү мүмкүн экенин Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болжолдоду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

"Батыш маалымат каражаттары көп нерсени жазып жатат, биздин маалымат каражаттары да көп нерсени жазып жатат <...>. Болушу мүмкүн, же болбой калышы да мүмкүн", — деп жооп берди ал тиешелүү суроого.

Жолугушуу үчүн Тышкы иштер министрлиги аркылуу белгилүү бир даярдык талап кылынарын Песков кошумчалады.

Кремлдин өкүлүнүн башка билдирүүлөрү:

Москва менен Вашингтон Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга карай маанилүү кадам жасашты;

Путин Россия тараптан сүйлөшүүчү дайындоону АКШ кимди дайындай турганына жараша аныктайт;

Владимир Мединскийдин сүйлөшүүлөргө катышуусу Путиндин чечимине көз каранды;

Кремль Владимир Зеленский жаңжалды жөнгө салуу боюнча өз позициясын билдиришин күтүп жатат;

Украинада шайлоо өткөрүү тууралуу чечимдер Вашингтондо же Москвада кабыл алынбашы керек;

Эр-Рияддагы жолугушууда Россия жана АКШ делегациялары негизинен эки тараптуу мамилелерди талкуулашты;

Байланыштарды калыбына келтирүү керек, бирок муну бир күндө жасоо мүмкүн эмес;

Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин дипломаттар мамилелерди калыбына келтирүү боюнча иштөөнү башташат;

Сүйлөшүү процесси улана турганы боюнча жакшы ишеним бар, динамика оң. Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөр
Россия менен АКШнын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү Эр-Риядда шейшемби күнү аяктады, алар 4,5 саатка созулду.

Россия тараптан жолугушууга Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. АКШ делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча президенттин жардамчысы Майк Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф жетектеди.

Юрий Ушаков белгилегендей, жолугушууда Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү кантип баштоо керек деген маселе каралган. Жыйынтыгында эки тарап тең оң жыйынтыкка жетишкенин, көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашканын жана жаңы жолугушууларды даярдоону баштай турганын билдиришти.

Последние новости