www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы анын бардык максаттары ишке ашканда аяктайт, так мөөнөттөр жок, эң башкысы эффективдүүлүк, деп билдирди Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

"Атайын аскердик операция максаттарга жеткенден кийин аяктаарынан күмөн санабайбыз. Так мөөнөттөр жок, эң негизгиси бул операциянын натыйжалуулугу", - деди Песков "Россия 24" телеканалына берген маегинде. 

Ал президент Владимир Путиндин Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнө карата жарандык инфраструктурага зыян келтирбөө жана жарандардын курмандыктарын болтурбоо боюнча так буйругу бар экенин бир нече жолу баса белгилегенин эске салды.

"Ошондуктан куралдуу күчтөр өтө кылдаттык менен иштеп жатат, жарандык инфраструктурага эч кандай сокку урбаш үчүн жогорку тактыктагы куралдарды колдонууда, тилекке каршы, украин тарап жөнүндө минтип айтууга болбойт", - деди Песков.

Эскерте кетсек, Орусия Украинада аскердик операциясын үстүбүздөгү жылдын 24-февралда баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости