www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина бийлиги аскерлерге куралын таштоого буйрук берип, Орусиянын шартын аткаруу менен өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди бир күндүн ичинде токтото алат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип Sputnik радиосу жазды.

Кечээ Украинанын президенти Владимир Зеленский G7 саммитинде биримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлерине кыш башталганга чейин согуштук аракеттерди токтотууга үмүт артып жатканын айткан.

"Украина тарап кааласа бардыгын бүгүн эле токтотуп коё алат. Бизге Украина бийлигинин улутчул бөлүктөрдүн куралын таштоо буйругу керек. Орусиянын шарттары ушундай", — деди Песков.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости