www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова деген барбы? Бар болсо кайда жүрөт? Экологиялык абал эмне болуп жатат, бир башым деп койбойт го…

Бишкекте эки жылдан бери адамдын ден-соолугуна коркунуч алып келе турган түтүн, ыш маселе болуп жатат. Кутманова болсо унчукпай отурат. Экофонддун акчасын кайда таратып жатат белгисиз. Эки жыл болду кызматка келгенине, экология боюнча жылыш жок! Креслого отура электе, «экологияны сактайлы, «Кумтөр» мөңгүнү талкалаганы үчүн 6 миллиард доллар төлөш керек» деп кыйкырса жанына киши чыдап тура алчу эмес.

Өзгөчө Кумтөрдөгү бузулган экологияны айтып, Центеррадан миллиарддаган доллар өндүрүп алса болоорун айтса, дудук сүйлөп, сокур ыйлап жиберчү эле. Ал түгүл Темир Сариевди «Центтерага» жан тартып Кумтөрдөгү экологиялык зыяндын өлчөмүн азайтып көрсөтүп койгон деген доомат арткан. 
 
Натыйжада эмне болду? Бишкектин Октябрь райондук сотунун "Центерраны" Кумтөрдү иштетүүдө экологияга келтирген зыяны үчүн мамлекетке 261 миллиард сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин Бишкек шаардык соту жокко чыгарганда, экология деп чуу салчу Кутманова билмексен болуп үн каткан жок.  

Өз позициясын коргоп, «эл эмне дейт, экологиялык доону өндүрөлү» дегенге жарабай, кумга сиӊген суудай ыӊ-жыӊсыз болду. Көрсө, куйтулук, арамзалык аркылуу курулай популисттик кылып кызматка жеткен тура. Эми ошол кызмат ордуӊуз Кумтөрдөгү талкаланган экологиядан, Бишкектеги адам ден соолугун талкалаган ыштан бийик турат бекен деп сураган жан жок?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости