www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артынан тал карма" -дейт, кыргыз элинин "ишенген кожосу" Мухаммедкалый Абылгазиев каякта? Күлкүлүү парадокс, эс алууда жүрөт. Өзбек өкмөт башчысы Арипов чек арадагы болгон чырга жетип келип кесиптешин таппай калды. Кудайга шүгүр, "Атаң болбосо тайлак бар, кому жерде калбасын" -дегендей биринчи вице –премьер Кубатбек Боронов дагы төшүн тосуп берди. Дагы дегенибиздин себеби бар, былтыркы жылы уран боюнча болгон окуяларда да, Кумтөр жана Солтон –Сары маселелери боюнча да Абылгазиевдин жүзү көрүнгөн эмес. Эмне ал мезгилдерде да Абылгазиев эмгек өргүүдө жүрдү беле?  Кайсы жерде иш болсо Абылгазиевдин дайынын таппай калабыз, кайсы жерде акча жеген чыр болсо Абылгазиевдин куйругу көрүнөт. Өкмөт башчы мыйзамдын негизинде бир жылда бир жолу эмгек өргүүгө чыкканга укугу бар. Бирок жанагындай ызы чуудан кийин жана да эл башына кыйынчылык түшүп жаткан карантин убагында кетүүсү туура эмес. Эс алуу убагын тапкан экен, карантин убагында эл ооруп, кыйналып турганда эл менен болуп, тикесинен -тик туруп, элге кызмат кылса болмок. Ал эми  эс алганга тынч заманда каалаган убакытта деле кетсе болот эле да.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости