www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр бир катар чиновниктерге сөгүш берди

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн, 19-мартта Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Урматбек Көкөчаровго сөгүш берүүнү сунуштады.

«Буга чейин курулуш тармагындагы маселелерди чечүүгө ким тоскоол болсо, ээлеген кызматынан бошотууга чейин катаал чара көрүлөт», - деди премьер-министр.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын вице-мэри Сагындык уулу Азаматка сөгүш берип, «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Сейдалиевдин, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Медет Бейшеналиевдин, курулуш жана жер пайдалануу башкармалыгынын жетекчиси Кадыровдун ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости