www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы 77 миң ишкана ачылган, анын 14 миң 700ү ири ишкана болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров Өкмөттүн отчетуна жогору баа берүү менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр 1991-жылдан берки башка жылдарга салыштырмалуу 2019-жылы ийгиликтүү болгонун белгилеп, Ош облусунун Ноокат районундагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор тууралуу кеп кылып жатып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде мындай курулуштарды курууга мүмкүнчүлүк түзүү багытында Өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.

Зулпукаровдун айтымында 2016-жылы аталган объект 10 гектар жерге курулуп башталып, бирок Өкмөттүн абалына ылайык долбоор ишке берилбей келет. “Мындай учурда мамлекет республикалык бюджеттен каражат бөлүшү керек. Анткени менен азыркы тапта акча табуу оор. Буга байланыштуу тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү керек”, – деди депутат. Сөзүнүн соңунда калкты жумуш менен камсыздоо саясатына токтолуп, жыл сайын жумушка жарамдуу жарандардын ишсиздигинен миграциялык агым арбып бара жатканын белгиледи.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суроого жооп берүү менен бирге өткөн жылы 77 миң ишкана ачылганын, анын 14 700ү ири ишкана экенин маалымдады. Ага улай экономика министри Санжар Муканбетов 2019-жылы 93 миң жаңы жумушчу оруну түзүлгөнүн айтты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости