www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр:

Премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн социалдык баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, студенттердин окуу акысы боюнча маселелер кайра каралып жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында ЖОЖдордун жетекчилери окуу акысына 1000 сомдой эле жеңилдик берип койгон.

--“Студенттердин контрагы боюнча, Президентибиз Садыр Нургожоевич тапшырма койгон. Бул боюнча азыр иш алып барып жатабыз. Туура 2020-жылы ЖОЖдор, мектептер көбүнесе онлайн режиминде окуду. Бүгүнкү күндө деле онлайн режиминде окуп жаткан ЖОЖдор бар, ошого байланыштуу студенттердин контрагына жеңилдик берүү боюнча ЖОЖдордун жетекчилери карап чыгыптыр. Бирок болгону 1000 сомдой эле жеңилдик каралыптыр. Биз буга макул эмеспиз, кайра карап чыгып бакша жолдорун механизмдерин карап жатабыз. Бул боюнча биз жакынкы күндөрү чечим алабыз”, – деп билдирди Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости