www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жалал-Абадга иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биздин өлкөдө жөн гана турак үйлөр салынбастан, ушул сыяктуу комплекстер курулуп жатканы кубандырат. Комплекс калктын социалдык аярлуу катмарына эсептелгенин өзүнчө белгилеп кетким келет. Курулуш аяктаган соң чындыгында муктаж болгон жарандар үйлүү болушат деп ишенем. Өкмөт өз тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы аркылуу инфратүзүмдүк маселелерди чечүүгө жардамын көрсөтөт», - деди Улукбек Марипов.

Аянты 1,5 га болгон анча чоң эмес шаарчада 6 көп кабаттуу үйдүн, медициналык жана маданий борборлордун курулушу пландалууда. Комплексте ошондой эле мектеп, тигүүчү цех, спорттук зал, бала бакча жана башка социалдык объектилер болот. Курулуш жана жасалгалоо иштерине бир жылга жакын убакыт каралууда.

Курулуш аяктагандан кийин социалдык объект толук бойдон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости