www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эбегейсиз чоң бийликти өзүнө ыйгарып алуу өтө кооптуу жана опурталдуу", - деди бүгүн, 13-мартта NazarNews маалымат агенттигине  саясатчы Жылдызкан Жолдошова. 

--“Садыр Жапаровго, депутаттарга дагы айтаар элем. Баш мыйзамга мындай мамиле жасалбашы керек эле. Бул конституция менен президент чоң бийликке ээ болот экен. 3 бийликтин ортосундагы тең салмактуулук сакталган эмес. Мисалы, президент Садыр Жапаровго ишенип, үмүт артып жатабыз. Ал өзүнүн президенттик убагында таза иштеп берсин дейли. Ал эми 6 жылдан кийин кандай президент келет ким билет? Ал таза адам болбой калсачы? Эгер ушундай эбегейсиз бийликке ээ болгон президент башкача болуп өзгөрүлүп кетсе мамлекет эмне болот? Ушул чоң суроо. Бул өтө коркунучтуу жана опурталдуу. Кийинки келген президент бул Баш мыйзамдын негизинде башка максатка өтүп кетсечи? Эл талап кылган нерсени аткара албай калып, коомдун каарына калышы мүмкүн. Андыктан мен түз айтып койоюн. Эбегейсиз чоң бийликти өзүнө топтоп алуу, бул өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ушуну унутпаса. Чоң бийликти өзүнө ыйгарып алуу өтө кооптуу жана опурталдуу”, - дейт саясатчы.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости