www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Жонсон кызматтан кетти

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматынан кете турганын 7-июлда расмий жарыялады. Ошондой эле Консервативдик партиянын лидери кызмат ордун бошотот.

Буга чейин «BBC» билдирген маалымат боюнча, Жонсон премьер-министр кызматынан кете турганын жарыялап, бирок күзгө чейин милдетин аткарууну улантат. Бул отставка ички саясий басымдарга байланыштуу.

Премьер-министр Борис Жонсонго ишеним жоголгонуна байланыштуу Улуу Британиянын өкмөтүнөн 30дан ашык киши кетти. Алардын арасында министрлер, ошондой эле өкмөт мүчөсү болбосо да анын ишине катышкан депутаттар бар.

Борис Жонсонго май айында Консервативдик партия ишенбөөчүлүк көрсөткөн болчу. Бирок партиянын 211 өкүлүнүн колдоосун алып, кызмат ордунда калган.

6-июлда отставкага кеткен бир нече министр Жонсонго кат жолдоп, аны кызматын тапшырууга чакырышты. Бирок премьер-министр андай кадамга барбай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости