www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжирдин президенти Абдельмажид Теббун бейшемби күнү өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасы, Улуттук Элдик Ассамблея таркатылып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болуп жаткандыгын жарыялады. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазып чыкты.

Бирок, президент добуш берүүнүн күнүн так айткан жок. Телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуусунда мамлекет башчысы 48 сааттын ичинде өлкөнүн өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр болот деп билдирди. 2020-жылдын 1-ноябрында өлкөдө конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү.

Түзөтүүлөргө ылайык, өкмөттү парламентте көпчүлүктү түзгөн партиянын өкүлү гана жетектей алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости