www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдарды дарылаган «Алтын балалык» реабилитациялык борборун ишке киргизүү боюнча кайрымдуулук марафонуна катышып, өзүнүн фондунан үч миллион сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок 2005-жылы иш токтоп калганы белгиленген. 2021-жылдын март айында Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген.

«Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн «Кумтөр голд компани» курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров: «Реабилитациялык борборду келээрки жылдын 1-июнуна, балдар күнүнө арнап ачалы деген планыбыз бар», — деп билдирип, эгер чогултулган каражат жетпесе, анда эмдиги жылдын январынан тартып курулушту бүтүрүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнөөрүн кошумчалаган. «Муну өзүбүздүн балдар үчүн, жарандар үчүн жасап жатабыз. Андан сырткары, дүйнө жүзүнөн эс алуучуларды жана бейтаптарды кабыл алсак болот», — деген Жапаров.

«Алтын балалык» 500 бейтапка эсептелип, келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар экени айтылат. «Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары, аллергиялык бөлүм да бар», — деди президент. Мамлекет башчы Ысык-Көлдүн климаты дагы бейтаптардын саламаттыгына жакшы таасир этээрин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости