www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда август айында жарылган аскер капмасындагы ок-дарылар жок кылынууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазат. «Сөз болуп жаткан аскер бөлүгүнүн аймагында калып калган ок-дарылар бөлүнүп-бөлүнүп Жамбыл облусундагы Байзак районуна жеткирилүүдө. Ал жерде эл жашабаган ээн талаада жардыруу иштери болуп жатат. Калдыктар күн сайын жардырылып отуруп, 13-ноябрга чейин толугу менен жок кылынат», — деп айтылат кабарда.

Бир күн ичинде салмагы 400 килограммга чукул ок-дары жардырылат. Эске салсак, 26-августта Жамбыл облусундагы аскердик кампада жарылуу болуп, ал алты жолу кайталанган. Кырсыкта жалпысынан 17 киши каза болгон. 10-октябрь күнү эртең менен ошол эле кампада кайрадан жарылуу болгон. Анда өрт кесепети тийген зат жарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости