www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент электр энергиясынын болжолдуу тарифин жарыялады

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, 700 КВт сааттык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди. Бул маалымат Жапаровдун Facebook баракчасына жарыяланды.

Анда айтылгандай, 2022-жылды «Энергетика жылы» деп жарыяланып, атайын иш-чаралардын тартиби белгиленет.

Электр энергиясынын тарифи турмушу начар, аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө 74 тыйын болуп, чектөөнү алып салуу каралып жатат.

Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен энергетиктер биргелешип тактап чыгышса, бул тизме дагы көбөйүшү мүмкүн экени жазылат.

Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөө толук алып салынат. Ал эми, жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат.

«Чектөө алынат. Бирок суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы. Сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады.  Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз», - дейт Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости