www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Калык Акиев мен бала кезде ак батасын берген”, - деди NazarNews маалымат агенттигине жазуучу, котормочу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ильгиз Гилязетдинов.

--“Кыргыздын атактуу акыны Калык Акиев ата мен кичинекей кезде айылыбызга барып калды. Ошондо мен колуна суу куюп бердим. Биздин айылда жаңгак аябай көп эле. Анан мен көйнөгүмдүн этегине толтура жаңгак терип келип Калык ата жаңгак жейсизби деп алдына төктүм. Калык ата мен дагы ыр жазам десем, аябай кубанып, ак батасын берди. Шаарга барганда мага жолук, сени окууга өзүм тапшыртып койом деген. Кийин мектепти бүтүрүп шаарга келип Калык атаны издеп барсам көзү өтүп кетиптир. Ошону менен ал адамдын кеңештерин эске алып, журналистикага окуп калдым. Кыргызда жакшы накыл кеп бар “Жамгыр менен жер көгөрөт. Бата менен эл көгөрөт” деген. Ошол сыңары мен дагы Калык атанын ак батасын алып, журналистикада багым ачылды. Басып өткөн жолума абдан ыраазымын”, - дейт жазуучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости