www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынгандыгы боюнча жеке пикирин жарыялады.

«Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн эмес, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы?

Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы кара пиар жасап жатышат», - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ал эми эл өкүлү Рыскелди Момбеков мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн депутаттарга карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости