www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Р.Т.Эрдоган Сирияда жарандык согуш башталгандан бери Түркиянын позициясынын өзгөрбөгөндүгүн айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Сириядагы жарандык согуштун 10 жылдыгына байланыштуу Bloomberg агенттигине макала жазган Эрдоган түрк улутунун бардык сириялыктардын өкүлчүлүгүнө жөндөмдүү саясий системанын курулушунун тынчтыкты жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүүнүн  зарыл экендигине ишенгендигин белгиледи.

Сирияда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу батыштын Түркияны колдоосуна байланыштуу экендигине ишенгенин белгилеген Эрдоган: «Демократия, эркиндик жана адам укуктары кайрадан мода болгон азыркы мезгилдерде адамзаттын Сириядагы аткаргандары чын ыкластыгыбыздын эң жогорку көрсөткүчү болот. Сыймыктануу менен айта аламын Түркиянын позициясы Сириядагы жарандык согуштун башталышынан бери өзгөргөн жок. Тынчтыкчыл жана туруктуу чечүүчү жолдун табылышы Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий биримдигине сый көрсөтүлбөсө мүмкүн эмес экендигин баса белгилейбиз»,- деди.

Президент Түркиянын жергиликтүү элементтер менен бирге түзгөн коопсуз аймактардын Түркиянын Сириянын келечегине болгон ишениминин далили экендигин белгиледи.

Батыштын биринчиден коопсуз аймактарга кол салган жана колу кандуу режимди колдогон ЙПГге каршы так позицияда турушу керектигин белгилеген Эрдоган:«АКШнын президенти Жо Байден башкаруусу берген убадасында туруп, Сириядагы трагедияны акырына чыгаруу жана демократияны коргоо үчүн биз менен бирдикте иштеши керек»,- деди.

Президент Сирия калкынын адамдык кадыр-баркка байланыштуу эң негизги талаптарга жооп бербеген бардык пландарды четке каккандыгын жана мындай варианттардын кризисти тереңдете тургандыгын баса белгиледи.

Батыштык өлкөлөрдү  адамзаттык кризисти акырына чыгарууда өзүнө түшкөн жоопкерчиликти орундатууга үндөгөн Эрдоган Түркиянын жүгүнүн бөлүшүлбөшү, Европага карата жаңы бир миграция толкунун ортого чыгарышы мүмкүн экендигин айтты.

Последние новости