www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен жолугуп, баарлашып чыктым. Бул тууралуу пикирин тележурналист Кубатбек Айбашов билдирди.
Бул 3-4 күндөн берки аракетимдин натыйжасы. Таксырдын шоопуру-жардамчысы Рустам Мединов менен байланышып, экс-муфтийден маек алууну макулдашкан болчубуз. Бирок, кийин кайра эмне үчүндүр видеомаектен баш тартып (тергөөгө байланыштуу), жөн гана жолугушуп, камерасыз, микрофонсуз пикир алмашуу сунушун беришкен. Эмнегедир кечки убакытты белгилешти (бир аз тумоолоп атыптыр), күндүзү жумуш убактысында жолугушуу өтүнүчүм кабыл алынбады.
Ага да макул болуп, бейформал жагдайда ал кишинин пикирин угууга туура келди. Буга чейин эч бир ММК, журналист менен жолугууга макул болбой келген экен.
Мендеги чогулган маалыматтардын негизинде бир топ суроолорду бердим. Айрымдарына мыйзамды сыйлаган киши катары тергөөгө байланыштуу жооп берген жок. Айрымдарына жооп берди. Журналисттигиме алдырып ыңгайсыз суроолор менен камалап киргенде, аягында ачууланып баштаганда баарлашууну токтотууга мажбур болдум ))) Ал кишиге болгон сый-урматыма карабай, муфтияттагы чырлуу схемалар тууралуу ачуу маалыматтар чыгаарын билдирдим.
Ал киши да мен тууралуу маалыматтары бар экенин туюк түрдө айтты. Жакшы эле изилдеген окшойт, же логикалык божомолдоолорго таянганбы ))) Бирок, мен кандай болбосун журналисттик бейтараптыктты карманууга, объективдүү болууга аракетимди жумшап жатканымды бир нече мисалдар менен түшүндүрдүм.
Аягында ар кимибиз өз пикирибизде калдык. Муфтияттагы каржылык чыр боюнча менин материалым Максатбек ажынын эксклюзивдүү аргументтерисиз чыкмай болду. Жаңы маалыматтар, аргументтер менен бөлүшө албашын түшүндүм. Албетте, ал кишинин буга чейинки видеокайрылуусу колдонулат.
Мен бул маселени иликтөөдө журналисттик бейтараптыкты бекем карманам. Бул жолугушуум журналисттик милдетимдин алкагында гана болду. Ушул азырынча... - дейт тележурналист Кубатбек Айбашов.
Булак: NazarNews.kg