www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатчы Жеңиш Молдокматовго тиешелүү кеңсеге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Анда милиция кызматкерлери кеңсеге эмнеге келгендигин түшүндүрүп жатканын, Молдокматов видеого тартканга укугум бар деп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле тинтүү Тилекмат боюнча жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Видеодо тергөөчү кеңседе мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, баңгизаттары болсо тапшырып коюуну айтат.
Анын сөзү боюнча тинтүү «Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылынын» жетекчиси, «Ханституцияга каршы» борборунун мүчөсү Тилекмат Кудайбергеновго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болду.
«Кеңсени мен ижарага алгам. Ал мага тиешелүү. Кеңседен компьютердин процессорун, флэш-карталарды алып кетишти. Мен тергөө аяктаганча маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бердим. Ушундай эле тинтүү Тилекматтын үйүндө да болду», -дейт Молдокматов.
Булак: NazarNews.kg