www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде укук коргоо кызматкерлеринин арасында кылмыш ишине тиешеси бар делинген жаран кармалып, экинчиси изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренелердин 1-бөлүмү (Адам өмүрүнө кол салуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 13-мартта болжол менен саат 01:45 чамасында Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын подполковниги кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан сырткары экинчи шектүү Баткен ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковнигин кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости