www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта айрым маалымат булактарына берген эксклюзивдүү интервьюсунда айтты.

“Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп, 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен элдин баары каршы бербейт деп ойлойм. Анткени эл 30 жылдан бери саясатты "жиликтеп", үйрөнүп калды", - деди Жапаров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости