www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-мартта Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында ТМККнын Башкы катчысы Б.Амреев Маданият жана спорт министрине Кыргыз Республикасынын маданият, спорт жана жаштар жаатында катышуусу менен ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө маалымдады.

Багдад Амреев ошондой эле ТМККнын алкактуу документтерин - 2021-2025-жылдарга Түрк дүйнөсүн өнүктүрүү стратегиясын жана Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040 стратегиясын кабыл алуунун жүрүшү жөнүндө айтып берди. Түрк Кеңеши Кыргыз Республикасын катышууга чакыруу менен Жаш ишкерлер форумун жана Экстремизмге каршы күрөшүү форумун уюштуруу пландары тууралуу маалымдады.

Мындан тышкары, жакында Түрк дүйнөсүнүн ак ниет элчилердин долбоорунун баштай тургандыгын билдирди.

Министр Кайрат Иманалиев белгилегендей, министрлик өз тарабынан маданият, спорт жана жаштар жаатында ар кандай иш-чараларды өткөрүп, түрк тилдеринин учурдагы долбоорлорун колдоого даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости