www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Кытай Эл Республикасына расмий сапары Төрага Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдөн башталды.
Кытай лидери Казакстандын президентин Пекиндеги Элдик жыйындар үйүндө тосуп алды. Ардактуу меймандын келишине ардактуу караул тизилди. Андан соң мамлекет башчылары өз делегациялары менен бирге Чоң Чыгыш залында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Касым-Жомарт Токаев Си Цзиньпиндин “Бир алкак, бир жол” III эл аралык кызматташтык форумуна катышуу чакырыгын кабыл алып, Кытайга кайрадан иш сапары менен барганын белгиледи.
— Казакстан биринчи күндөн баштап сиздин глобалдык демилгеңизди колдоп, аны жайылтууга активдүү катышууда. Бул демилге тууралуу мындан туура 10 жыл мурун Астанада сүйлөгөн сөзүңүздө айтканыңыз эсибизде. Учурдан пайдаланып, сиздерди бул мега-долбоорду ишке ашырууда чоң натыйжаларга жетишиңиздер менен куттуктап, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалайм. Сиздерди Кытай Эл Республикасынын негизделгенинин 74 жылдыгы жана Ханчжоу шаарында өткөн XIX Жайкы Азия оюндарында Кытай курамасынын чоң ийгилиги менен да куттуктайм. Биз Кытайдын тез өнүгүп жатканын абдан кызыгуу менен көрүп жатабыз. Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында Кытай дүйнөлүк лидер болуу боюнча өзүнүн бийик максатына жетүү үчүн кайраттуу кадамдарды жасап жатат, - деди президент Токаев.
Аны менен катар мамлекет башчысы ар тараптуу жана түбөлүк стратегиялык өнөктөштүккө негизделген казак-кытай мамилелеринин тез өнүгүп жаткандыгына көңүл бурду.
— Биз бардык багыттар боюнча натыйжалуу мамлекеттер аралык кызматташтыкты түздүк. Сиздин өткөн жылдын сентябрь айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарыңыз өз ара мамилелерди максималдуу бекемдөөгө жаңы дем берди. Сапардын алкагында биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жаңы “алтын 30 жылдыгы” башталды. Биздин елкелердун ортосундагы соода ийгиликтүү өнүгүп жатат, олуттуу өсүш бар. Жалпы инвестициянын көлөмү 21 миллиард долларды түзгөн 52 биргелешкен долбоор ишке ашырылууда. 2024-жыл Кытайда Казакстандын туризм жылы деп жарыяланды. Бул тармак үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Өз ара маданий-гуманитардык байланыштар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Мен Казакстандын да, Кытайдын да мамлекеттер аралык мамилелерди таптакыр жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эбегейсиз потенциалы бар деп эсептейм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизди, урматтуу Төрага Си Цзиньпинди келерки жылы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырам, - деди Касым-Жомарт Токаев.
Өз кезегинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мамлекет башчысына чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
— Жогорку деңгээлдеги “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташтыктын III форумуна кош келиңиздер. Туруктуу жана интенсивдүү казак-кытай мамилелери эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимди бекемдеп, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү колдоодо тайманбастык менен аракеттенүүгө жардам берет. Эл аралык кырдаал кандай өзгөрбөсүн, Кытай менен Казакстан алгачкы позицияларынан тайбай, бири-бирине жардам беришет. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелердин жылдарында биз түбөлүктүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзө алдык. Мен мындан 10 жыл мурун Казакстанда “Бир алкак, бир жол” долбоорун баштаганмын, - деди Си Цзиньпин.
Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын айтымында, Кытай Казакстандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан масштабдуу реформаларды толугу менен колдойт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономика, мунай-газ, мунай-химия, энергетика, каржы, транспорт жана транзит, атомдук өнөр жай, машина куруу, туризм, электрондук коммерция жана жогорку технология чөйрөлөрүндө ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Мамлекет башчылары биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун, ошондой эле маданияттар аралык байланыш үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү бир нече документтерге кол коюшту.
Булак: NazarNews.kg